Эми биз «Фрунзе» эле эмес, бүтүндөй «Азиябыз»!

16 мая 2023

Ооба, дүкөндөр тармагыбыздын атын өзгөрттүк. Биз «Фрунзе» эми «Азия» аталдык. Жаңы аталыш адегенде Бишкектеги бир нече дүкөндөрдүн көрнөктөрүндө, андан кийин бүткүл республика боюнча жаңыланат.

Өзгөрүүнүн себеби

Убакыттын өтүшү менен биз жөн эле Фрунзеден алда канча көп боло аларыбызды көрүп, азыркы учурда атын өзгөртүп жатабыз. Бул жаңылык биздин гипермаркеттер тармагыбызды өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Биздин максат – Азия бренди товарлардын кеңири ассортименти менен эң ыңгайлуу дүкөндөрдүн тармагы болгон дүйнөлүк компания болуу. Биз кызматкерлер үчүн да, кардарлар жана өнөктөштөр үчүн да жакшы жакка өзгөрүп жатабыз. “Азия” гипермаркетинин негизги баалуулугу — кардарларыбыздын суроо-талаптарын канааттандыруу. Биздин өнүгүү стратегиябыз сатып алуучуга басым жасоону жана рыноктун географиялык камтылышын кеңейтүүнү караштырат.

Эмне үчүн «Азия»?

«А» тамгасы биздин компания менен байланышкан бардык ишканалардын баалуулуктарынын бир белгиси болуп саналат. Жаңы аталыш «Азия Молл» соода борбору, “Азбука” жана “Азия” дүкөндөр тармагы ортосундагы биримдикти жана ишенимдүү кызматташтыкты баса белгилейт. «Азия» жаңы аталышы компаниянын глобалдык амбицияларын жана анын кеңири керектөө рыногуна багытталгандыгын чагылдырат. «Азия» гипермаркеттер тармагы өз кардарларына жогорку сапаттагы өнүмдөрдү жана кызматкерлерине карьералык өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, активдүү өнүгүүнү улантат.

 “Жаңы ат менен биз өнүгүүнүн жаңы этабын баштайбыз. Биздин ишканада 3000 миңден ашык адам иштейт. Биз Кыргызстандагы ISO 9001:2015 башкаруу жана сапат тастыктамасынан өткөн алгачкы компания-ритейлербиз. Биз экологияга кам көрөбүз — бул «Best Recycle Practice» Лейбли – экологиялык маркалоосун колдонуу укугуна уруксат жана   шайкештик сертификаты   менен тастыкталат. Бул калдыктарды кайра иштетүүгө жана кайра колдонууга өткөрүп берүү үчүн компанияда таштандыларды өзүнчө чогултууну киргизүү аркылуу башкаруунун эң мыкты тажрыйбасы.

Биз ар бир сатып алуучунун пикирин баалайбыз — күн сайын сатып алуучулардан ар кандай булактардан 200дөн ашуун пикир, сын-пикирлер келип түшүүдө: телефон чалуулар, билдирүүлөр, электрондук каттар. Алар автоматтык түрдө корпоративдик портал тарабынан катталат. Кардардын ар бир суроосу же каалоосу белгилүү бир кызматкерге жүктөлөт жана анын милдети өз убагында кайра байланышты камсыз кылуу. Иштин мындай уюштурулушунун аркасында бир дагы суроо жоопсуз калбайт, — дейт «Азия» (Фрунзе)  дүкөндөр тармагынын маркетинг боюнча директору Натали Каширина.

12 жыл ичиндеги жетишкендиктери   

Биздин тармактын биринчи дүкөнү 12 жыл мурун Бишкекте ачылган. Азыр биздин тармакка 53 дүкөн кирет. Алардын 10 Ошто жана Жалал-Абадда жайгашкан. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында супермаркеттерди ачууну пландап жатабыз. Албетте  «Азия» жана «Азбука» жаңы бренддери астында. Компания аймактарга чоң көңүл бурат, аларды өнүктүрүүнү жана алар менен бирге өнүгүүнү каалайт.

  • Өлкөдө биринчилерден болуп гипермаркет ачканбыз
  • Биз биринчилерден болуп өзүн өзү тейлөө кассаларын киргиздик
  • Биз өздүк «Ар-Дайым»  соода маркасы менен биринчи гипермаркет болдук
  • Биз биринчилерден болуп өзүбүздүн «Нукура» өндүрүшүн  баштадык
  • Биздин өзүбүздүн онлайн  дүкөнүбүз, мобилдик тиркемебиз, бонустук карталарыбыз, Кыргызстандагы ири компаниялар менен интеграциябыз бар

 «Компаниянын ар бир бөлүмүндө өзүнүн милдети бар. Биргеликте бирдиктүү команда түзөбүз. Менин бөлүмүмдүн милдеттеринин чегинде биз товарды жеткирип берүүчүлөрдөн текчелерге өз убагында жеткирүү маселесин чечебиз. Көптөгөн товарлар 8000 чарчы метр аянты менен бөлүштүрүүчү борборго жеткирилет жана сакталат. Анын аймагы футбол талаасынан да чоң. Тоңдурулган жана муздатылган азыктарды өзүнчө сактоо үчүн кубаттуулуктар бар», — дейт «Азия» (“Фрунзе”) гипермаркеттер тармагынын логистика боюнча директору Татьяна Усманова.

Карьералык өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөр 

Биздин компаниянын ар бир кызматкери карьералык тепкичтен өйдө көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Талыкпаган эмгектин аркасында сатуучу-кеңешчи болуп баштаган адам менеджер боло алат. Биз кызматкерлер өз дараметин ишке ашырууга, билим, тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу үчүн шарттарды түздүк. Бул үчүн милдеттүү түрдө тажрыйба керек эмес. Эң негизгиси каалоо, максат коюу жана мыкты болууга умтулуу. Биздин команданын квалификациясын жогорулатуу максатында биз ар кандай тренингдерди жана окууларды өткөрөбүз.

«Фрунзе гипермаркетине 31 жашымда жумушка орношком. Сатуучу-кеңешчи кызматынан баштагам. Бир нече жылдан кийин мен 25тен ашык дүкөндөрдү көзөмөлдөй баштадым», — дейт Операциялык менеджер Гульнура Акимжанова.

«Азбука» дүкөндөр тармагы жөнүндө

Биз «Азбука»   дүкөндөр тармагын 2022-жылы ачканбыз. Мындай аталыштагы 5 дүкөнүбүз бар. Бул толугу менен жаңы форматтагы дүкөндөр. Бул брендди түзүүдө биз мурунку каталарыбызды эске алып, жакшыртканбыз. Биз “Азбука” дүкөндөр тармагын уникалдуу ассортимент жана кардарларыбыз үчүн ыңгайлуу жана  кылабыз. Биздин максат — дүкөндөрдү чындап ыңгайлуу кылуу.

Келечек тууралуу

Азия дүкөндөрү тейлөө сапатын жакшыртууну улантат. Гипермаркеттердин жаңы форматына убакыт келди. Алар андан да көп болот, алар жагымдуу соода үчүн мындан да ыңгайлуу болуп калат! Азия — ар бир сатып алуудан береке!