Акция «Менин баштыгым» — өз баштыгыңыз менен сатып алуулар үчүн картага 5 упай беребиз

11 июля 2023

20 мүнөт! Орточо алганда, сиз желим баштыкты ушунча убакыт колдоносуз. Бул күнүмдүк колдонуудан кийин таштандыга ыргытылат. Ал жерде жүздөгөн жылдар бою чирийт. “Азбука” супермаркеттер тармагы кыргызстандыктарды жаратылышты коргоого салым кошууга жана өз таңгагы менен сатып алууларды жасоого чакырат.

“Азбука” супермаркеттер тармагы “Менин баштыгым” акциясынын башталганын жарыялайт. Бул “Азия Ритейл” компаниясы баштаган пилоттук долбоор. Анын курамына “Азбука” супермаркеттер тармагы жана “Азия” гипермаркеттер тармагы кирет.

«Менин баштыгым» акциясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылында ачылган бардык дүкөндөрүбүздө бүгүнкү күндөн баштап, тактап айтканда 11- июлдан башталат. Дүкөнгө барганда, азык-түлүктү салуу үчүн баштык ала келиңиз. Бул кагаздан баштык, жип баштык же чүпүрөк баштык болушу мүмкүн. «Менин баштыгым» акциясынын катышуучулары кассадан көрсөткөндө бонустук картасын көрсөтүп 5 упай алышат. 1 балл 1 сомго барабар.. Сиз картадагы упайларды “Азбука” супермаркеттер тармагында сатып алууларга жумшасаңыз болот. Бул туура тандооңуз үчүн биздин ыраазычылыгыбыз.

Ысык-Көл облусунда жайгашкан дүкөндөрдөрүбүздө полиэтилен баштыктарын сатуудан чыгардык. Биздин кардарлар кагаз баштыктарды гана сатып ала алышат. Ошентип, Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында желим пленкалуу баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгын аткарып жатабыз.

“Менин баштыгым” акциясы сизге экологиялык жактан пайдалуу адатты өнүктүрүүгө жардам берет, рюкзак, көп жолу колдонулуучу баштык менен дүкөнгө барыңыз же көп сатып алуулар үчүн бир баштыкты колдонуңуз. Эске салсак, келерки жылдын 1-июнунан тарта мыйзам бүткүл республика боюнча күчүнө кирет. Бүгүн жоопкерчиликтүү чечим кабыл алыңыз. Айлана-чөйрө үчүн күрөшкө өз салымыңызды кошуңуз. Көп жолу колдонулуучу баштыктарга өтүү — бул ар бирибиз жасай ала турган кичинекей кадам. Мындай кичинекей кадам чоң өзгөрүүлөргө алып келет.

Азбука супермаркеттер тармагынын «Менин баштыгым» акциясына кошул. Андыктан биргеликте Ысык-Көл облусундагы экологиялык катастрофанын алдын алабыз