«Азия» дүкөндөрүндө эко-баштыктар

12 сентября 2023

«Азия» дүкөндөрү Кыргызстандын аялдары жасаган уникалдуу эко-баштыктарды сатыкка чыгарды.

«Азия» дүкөндөрүнөн “She Starts” аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» коомдук уюму менен биргеликте түзүлгөн эко-баштыктарды сатып алууга болот. Баштыктар «Азия» дүкөндөрүндө сатыкка чыккан.


Эко-баштыктар көп жолу колдонулуучу баштыктар. Алар табиятта көп жылдар бою чириген салттуу пластик баштыктарга караганда ыңгайлуу жана бышык гана эмес, экологиялык жактан да таза. Ошентип, компания аялдардын ишкердигин гана колдоп тим болбостон, экологиялык зыяндан улам Кыргызстанда 2027-жылдан тарта тыюу салынган желим баштыктардан баш тартууга өтүүнү баштайт.


Баштыктырдагы оймо-чийме кыргыз оймолорунан турган композицияны түзөт. Композиция биздин планетаны коргоону, жана аялдарды колдоону символдоштурат. Табияттан шыктанган оюм-чийим айлана-чөйрөнү сыйлоонун маанилүүлүгүн эске салат. «Өсүмдүк» жана «Карга тырмак» оймо-чиймелери бизди келечек муундар үчүн жаратылыш байлыктарын сактоого кошулууга жана «Умай эне» оймосу айымдарды колдоого чакырат.


Кыргызстандын жаратылышын сактоого өз салымыңызды кошуңуз .»Азия» дүкөнүнөн салттуу стилдеги эко-баштыкты сатып алыңыз.

Эко-баштыктарды төмөнкү магазиндерден таба аласыздар:

Бишкек ш., проспект Ч.Айтматова, 3 (ТРЦ Азия Молл)

Бишкек ш., ул. Ибраимова, 115/2 (ТРЦ Дордой Плаза2)

Бишкек ш., Киевская 148 (ТРЦ Bishkek Park)

Бишкек ш., ул. Токомбаева 17/2

Иссык-Кульская обл., г.Каракол, ЦУМ