Биргеликте биз боорукердиктин күчүбүз!

18 декабря 2023

«Азияда» биз жакшылыктын күчүнө ишенебиз жана ар бир берешендикти баалайбыз.
Биздин компания «Лига добра» кайрымдуулук уюму менен кызматташуу аркылуу,
муктаж болгондорду колдоо үчүн чындап сыймыктанат.
Биргеликте Бишкек шаардык азиздер уюмуна чогуу жардам көрсөтүп, колдоп келебиз.
Күн сайын биздин байланыш борборубузга оор кырдаалда калган жарандардан
кайрылуулар түшүп турат.
Биз кыйын күндөрдө калган жарандарыбызга жардам бергенге аракет кылабыз.
«Азия» өзүнүн ишмердүүлүгүнүн өзөгүн, социалдык жоопкерчилик деп эсептейт.
Биздин дүкөндөрдөн сиз «Боорукерлик кутуларын» табып,
ага муктаж болгондор үчүн тамак-аш же буюмдарды калтырсаңыз болот.
Сизди жакшылыктын чынжырына кошулууга жана
позитивдүү өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү болууга чакырабыз.
«Азыктар үчүн чоң рахмат. Бул жакшы жардам.
Сиздерге ден соолук, бакубат жашоо, жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм,
бардык кыялдарыңар орундалсын.
Сооптуу, жакшы иш кылып жатасыңар”, — деп жардам алган апабыз биз менен бөлүштү.
Ар бир кичинекей боорукерлик бирөөнүн жашоосун
өзгөртүүгө сансыз мүмкүнчүлүктөрдү камтышы мүмкүн.
Жаркыраган нурдай жакшылык жолубузду жарык кылсын.
Биз бирге өзүбүз үчүн жана муктаж болгондор үчүн жаркыныраак дүйнөнү түзөбүз.