MBANKтан QR аркылуу накталай акчаны чечип алуу

07 мая 2024
MBANKтан QR аркылуу накталай акчаны чечип алуу жаңы ыңгайлуу жолу

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK MKASSAдан QR накталай акчаны чечип алуу — жаңы кызматын ишке киргизгендигин кубаныч менен билдирет.

Накталай акча алуу үчүн банкоматтарды издөөнү унутуңуз! Эми сиз QR кодун колдонуу менен MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу «Азия» жана «Азбука» маркеттердин кассасынан накталай аласыз.

 

Накталай акча алуу процесси болуп көрбөгөндөй жеңилдеди: жөн эле гана «Азия» жана «Азбука» маркеттердин кассасына барыңыз, кассирден накталай акча сураңыз, терминалдагы QR кодун сканерлеп, накталай акча алыңыз.

 

«Кыргызстанда дагы эле адамдар накталай акчаны активдүү колдонушат. Ал эми кардарларыбыздын ынгайлуулугу үчүн биз акча каражаттарын алууну жеңилдеткен жаңы мүмкүнчүлүк түздүк. QR накталай чечип алуу – бул биздин мобилдик тиркемени жана QR кодун колдонуу менен накталай акчаны түздөн-түз кассадан алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Ошентип, банкоматтардан же банк бөлүмдөрүнөн тышкары, накталай акчаны түздөн-түз маркеттердин кассаларынан алууга болот. Биздин кардарлар Кыргызстанда биринчи жолу киргизген инновациялык кызматты баалайт деп ишенебиз”, — деп белгилейт МБАНКтын Стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Төралиев.

 

«Азия» жана «Азбука» супермаркеттер тармагы бүт өлкө боюнча жайылгандыктан, сиз дайыма накталай акча алуунун ыңгайлуу жана тез ыкмасына ээ болосуз.

 

«Азия» жана «Азбука» маркеттеринде акчаны кантип накталай алса болот?

 

1. Дүкөндүн кассасына өтүңүз

2. Керектүү сумманы кассирден талап кылуу

3. Керектүү сумманы киргизиңиз

4. Терминалдагы QR кодун сканерлеп, накталай акча алыңыз

 

● Комиссия сумманын 0,5% түзөт

● Минималдуу сумма 100 сом

● Күнүмдүк чечип алуу суммасы 15 000 сом

● Накталай акча 100 сомго бөлүнүүчү суммада чыгарылат (мисалы, 100, 200, 300, 400 сом)

 

«Азия» жана «Азбука» супермаркеттер түйүндөрүндө накталай акча алуу үчүн супермаркеттердин тизмесин MBANK тиркемесинде тапса болот. Негизги экранда «Дагы» бөлүмүн ачыңыз → «Банкоматтар» → «MKASSA»

 

Ошондой эле «Азия» жана «Азбука» супермаркеттеринин сайттарында

 

MKASSAдан жаңы QR Cash кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз — убакытты үнөмдөңүз жана акчаны тез жана эч кандай кыйынчылыксыз алыңыз!