Карьера борбору

“Фрунзе” көп форматтуу соода тармагы Кыргызстандагы эң ири соода түйүндөрүнүн бири. Жыл сайын миллиондогон кардарлар биздин дүкөндөргө жогорку сапаттагы тейлөө, жагымдуу атмосферада жеткиликтүү сатып алуу жүргүзүү үчүн келишет.
Биз менен иштөө үчүн беш себеп!

Карьера
“Фрунзе” көп форматтуу соода тармагы жаңы кызматкерлердин коллективге ыңгайлашуусун жеңилдетуу үчүн чоң жумуш жүргүзөт. Квалификациялуу адистер жана атайын тренингдер сизге керектүү маалымат алууга жардам берет, ал эми ынтымактуу атмосфера жаңы жумуш ордуна тез көнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Компетенциялар
Чекене соода туруксуз экономика учурунда да эң туруктуу тармактардын бири болуп саналат. Бул “Фрунзе” тармагында кесип тандоо менен сиз өз келечегиңизди көп жылдарга камсыз кыласыз дегендик!

Насаатчылык
“Фрунзе” көп форматтуу соода тармагынын ар бир кызматкери профессионалдык тажрыйбага жана шыктарга ээ болуп, аны кесиптештери жана жаңы келгендер менен бөлүшөт. Үзгүлтүксүздүк компаниянын өсүшүнүн жана корпоративдик маданияттын өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү. Бул принцип компаниядагы насаатчылык системасынын өзөгүн түзөт. Жаңы кызматкерлер үчүн насаатчылык институту жаңы жумуш жерге тез көнүүгө, корпоративдик маданият менен таанышууга мүмкүндүк берүүчү жардамчы кол болуп саналат.

Перспективдүү компанияда иштөө
Биздин компания тез өнүгүп жатат, демек сизге карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылууда. “”Фрунзе”” көп форматтуу соода тармагында иштеген жылдарыңызда соода тармагынын катардагы кызматкеринен же жардамчысынан жетекчиге чейин өсө аласыз.

Өнүгүү
Компаниянын кызматкерлери үчүн тренинг циклдери жана окуу программалары кесиптик жана жеке өсүүңүзгө жардам берет. “Фрунзе” көп форматтуу соода тармагында иштеген ар бир кызматкер езүнүн талантын жана жөндөмдүүлүгүн ача алышы биз үчүн маанилүү.

Ылайыктуу вакансия жок, бирок биздин компанияда иштегиңиз келеби?
Резюмеңизди rabota@gipermarket.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз

Сайттагы электрондук форманы өзүңүз жөнүндө маалымат менен толтуруңуз

же www.job.kg сайтынан вакансияларга көз салыңыз жана бизде тиешелүү сунуш түшөөрү менен Кадрлар бөлүмүнүн адиси сиз менен байланышып, маектешүүгө чакырат!

Жумушка орношуу маселелери боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыз болот: Саламат – 0559 950 305; Юлия – 0559 950 376