Сатып алуучулардын укуктары

Урматтуу сатып алуучулар,

  1. Эгерде Сиз биздин гипермаркеттен сапатсыз товар сатып алган болсоңуз, анда 7 күндүн аралыгында ал товарды артка кайтарып, же аны сапаттуу товарга алмаштырып алсаңыз болот.  Бул үчүн сиз гипермаркеттин администраторуна товарды жана кассалык чекти көрсөтүшүңүз керек.
  2. Товарда көрсөтүлгөн баа менен кассадагы баа дал келбей калган учурда, биз товарда көрсөтүлгөн баа боюнча товарды сатууга милдеттенебиз.
  3. Биздин гипермаркеттерибизде 18 жашка толо элек жаштарга алкоголдук ичимдиктер жана тамеки сатылбайт.
  4. Персоналдардын орой мамилесине жана башка туура эмес көрүнүштөргө байланыштуу даттанууга туура келсе, анда ошол гипермаркетти жана ал окуя качан болгондугун айтып, байланыш борборуна: +996 (312) 98 61 00 телефону боюнча билдирип, же ар бир гипермаркетте арыз жана даттануулар үчүн коюлган кутуга өзүңүздүн арызыңызды калтырып  коюшуңузду өтүнөбүз.