“АрДайым” өздүк соода маркасы

28 March 2022

«Фрунзе» гипермаркети — бул бир чатырдын астында он миңдеген жогорку сапаттагы буюмдар: азык-түлүк жана турмуш-тиричилик товарлары. Биздин ассортимент кардарларыбыздын кесиптик муктаждыктары үчүн оптималдаштырылган – биздин соода түйүндөрүбүздө дүкөндөрдүн, ресторандардын, кафелердин жана ашканалардын, ошондой эле кеңселердин жана ишканалардын ээлери үчүн соода кылуу пайдалуу жана ыңгайлуу! Сапат стандарттары, алдын ала буйрутма жана жеке мамиле – мунун бардыгы биздин ар бир кардарыбызды күтөт.

Бүгүнкү күндө биз сиздерге “Фрунзе” гипермаркетинин “Ар-Дайым” өздүк брендинин товарларын сунуштай алабыз.
Биздин жеке сунуштарыбыздын ар бири биздин кардарлар менен кызматташуунун натыйжасы болуп саналат жана максималдуу мүмкүн болгон эң төмөнкү баада кесиптик жана жеке муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштелип чыккан. Биздин өздүк марка кардарларыбызга бизнестерин жана үй чарбаларын натыйжалуу жүргүзүүгө, чыгымдарды үнөмдөөгө жана сапатты жоготпостон көбүрөөк пайда алууга жардам берет. “Ар-дайым” ездүк соода маркасынын урааны — АРЗАН БААДАГЫ САПАТ.
Өздүк маркадагы өнүмдөрдү чыгаруу менен биз кардарларыбыздын муктаждыктарын мүмкүн болушунча канааттандырууга аракет кылабыз.

Биздин максат – алар үчүн кандай ассортимент актуалдуу экенин түшүнүү жана аны жагымдуу баада сунуштоо. Кардарлар менен баарлашуу – бул биз ишке ашырууга аракет кылган сонун идеялардын түгөнгүс булагы.
Биз ошондой эле акыркы тенденциялардан кабардар болуу үчүн рынок тенденцияларын кылдат изилдеп, аларга ылайык өз бренддерибиз менен өз убагында чечимдерди сунуштайбыз. Өздүк соода маркадагы товарларды колдонуу кардарларыбыздын чыгымдарын кыскартууга гана жардам бербестен, аларды уникалдуу продуктулар аркылуу атаандаштык чөйрөдө айырмалоого тийиш.